• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Акыйкатчы: Балдарды контейнерде окутуу аргасыздан болгон аракет деп баалоого болот

6 Аяк оона 2019 9:41 Бишкек Govori.TV

Институттун сайтына жарыяланган маалыматка караганда, мекеменин кызматкерлери айылдагы «мобилдүү мектепке» мониторинг жүргүзүшкөн. Анда окуучулар 20 тонналык беш контейнерде билим алып, алтынчы контейнер мугалимдер бөлмөсү катары жабдылганы белгилүү болгон.

Алар тар болгондуктан башталгыч класстардын 15-16 гана окуучусу араң батат. Эгер жогорку класстын окуучулары окуп калышса, парталарга, отургучтарга батып окуу ыӊгайсыздыкты жаратат. Күн ысыкта үп болуп, аба жетишпей, күн суукта ичи муздайт.

«Балдарды контейнерде окутуу аргасыздан болгон аракеттер деп баалоого болот. Жогорудагыларга байланыштуу Акыйкатчынын аппараты өкмөт бул маселени токтоосуз түрдө чечип, Кеңеш айылында 200 окуучуга эсептелген типтүү, заманбап үлгүдөгү мектептин курулушун баштоо зарыл деп эсептейт»,-деп айтылат маалыматта.

Кеңеш айылындагы Казалы Абиров атындагы мектептин негизги корпусу жараксыз абалга келгендиктен, 2019-жылдын 29-30-август күндөрү жыйырма тонналык алты контейнерди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бөлүп берген.

Мектепте жалпысынан 21 мугалим иштейт, мунун ичинен 19у жогорку билимдүү, эки мугалим атайын орто билимдүү. Окуучулардын саны 150дөн ашат.

Кеңеш айылындагы окуучулардын контейнерде окуп жатышы коомчулукта чоң талкууну жаратып, 4-сентябрда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү берген арызынын негизинде кызматтан кеткен. Кийинчерээк өкмөт Кеңеште жаңы мектеп куруу пландалып жатканын билдрген.

Количество просмотров: 39