Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Талас облусунун тургундары менен жолугушту. Жолугушуу 200 адамдын катышуусунда өтүп, ага облустук мамлекеттик органдардын жетекчилери дагы катышышты.
Таластын жашоочулары алардын билим алуу, медицина жана башка жааттагы укуктары бузулуп жатканына арызданышты.
Өз кезегинде Акыйкатчы мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринен айтылган маселелерди дароо, ошол жерде чечүүнү талап кылды.
Жолугушуудан кийин Акыйкатчы Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын шарттары менен таанышты. 36 кишиге ылайыкташкан убактылуу кармоочу жайда Акыйкатчы барган күнү 17 шектүү кармалып турган. Ал Ички иштер башкармалыгынын короосундагы өзүнчө имаратта жайгашкан.
Акыйкатчы бир нече камерага кирип, кармалгандар менен баарлашты.
Белгилей кетсек, Талас облусунда тергөө абагы жок болгондуктан кармалгандар айыпталуучулар менен бирге олтурушат.
Акыйкатчы камакка алынгандарды кармоо шарттары боюнча эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык министрлер кабинетин Талас облусунда Тергөө абагын куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырат.