КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаеванын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери Чүйдөгү №2 аялдар абагына мониторингге бары, журналист Махабат Тажибек кызы менен баарлашышкан. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы билдирди.
«Махабат Тажибек кызы Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине коркутуулар болгонун билдирди. “Ооба, В. Лысенко тарабынан коркутуулар болгон. Ал нерселер мен абакка келген биринчи күдөрдө болгон. Ал мени өлтүрөм деп коркуткан. Азыр абактын жаңы жетекчиси тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү. Учурда, менин өмүрүмө коркунуч жаралбай эле. Андыктан, абактын кызматкерлерине жана соттолгондорго доом жок”, — деп жазган ал өз арызында.
Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери абактын жетекчилиги менен тиешелүү иш алып барышты. Мекеменин жаңы жетекчиси Махабат Тажибек кызынын арызынын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында, 13-февралда Лысенкону жалпы режимден катуу шарттагы кармоого (камералык типтеги жайга) которгонун маалымдады», — деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров Чүйдөгү №2 аялдар абагында алты жылдык жазасын өтөп жаткан жубайы, Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорлорунун жетекчиси жана негиздөөчүсү Махабат Тажибек кызынын өмүрү коркунучта экенин айтып, соцтармак баракчасына билдирүү жарыялаган.
Ал эми Жаза аткаруу кызматы бул окуя тууралуу маалымат берип, аны чындыкка дал келбейт деп атаган.