• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Акыйкатчылыктын кызматкерлери жарандарга юридикалык консультацияларды беришет

27 Бугу 2024 16:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын соода борборлорунда КР Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 28-майдан 1-июнга чейин Кыргыз Республикасынын жарандарына юридикалык консультацияларды беришет.

Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында жарандарга зарыл болгон укуктук кеп-кеңештерди берүү максатында келгендерге акысыз юридикалык консультациялар жүргүзүлөт.

Акция Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган.

Соода борборлор акысыз юридикалык кеп-кеңештерди берүү боюнча беш күндүк марафондун алкагында институттун кызматкерлерине маалымат стенди жана иш орундарын жайгаштыруу үчүн аянтчаларды берди.

Институттун кызматкерлери жарандардын суроолоруна жооп берүүгө, ошондой эле адам укуктарынын бузулушуна жана калыбына келтирилишине байланыштуу зарыл юридикалык консультацияларды берүүгө даяр.

Белгилей кетсек, консультациялар төмөнкү график боюнча саат 10:00дөн 18:00гө чейин өтөт:

28-май — «Бишкек Парк», М1 кабат.

29-май — Asia Mall, 3-кабат.

30-майда — «Бета Сторес-2», 1-кабат.

31-май — “Аю Гранд”, 1-кабат.

1-июнь — ЦУМ, 1-кабат

Белгилей кетсек, институттун кызматкерлери буга чейин ар кандай иш-чаралардын алкагында жарандарга акысыз юридикалык кеңештерди да берип келишкен.

Количество просмотров: 75