• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акылбек Жапаров Акаевдин айткандарына жооп кайтара албай койду

20 Бугу 202111:33 Бишкек Govori.TV

Акаевдин айткандарына комментарий бергеним туура эмесго. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда «Кумтөр» кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Биз 2009-жылы кенди өзүбүзгө алууга толук мүмкүнчүлүк болгонун айттык. Аскар Акаевдин айткандарына комментарий бергеним туура эмес го. Ал улуу киши. Ал кишинин айткандарын угуп, ошол жылдары мен президент болгондой туюлду, — деди Жапаров.

Буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев «Кумтөргө» байланыштуу көйгөйлөрдүн бардыгы 2009-жылдагы келишимден жаралганын жана аталган келишимди Акылбек Жапаров иштеп чыкканын айткан. Ошондой эле Жапаровдун сунушу менен «Кумтөргө» Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү берилгенин кошумчалаган.

Количество просмотров: 5102