• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Акын Аскат Жетиген сотто акыркы сөзүн сүйлөдү

1 Теке 202410:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда акын Аскат Жетигендин иши каралып жатат. Бүгүнкү отурумда өкүм чыгуусу күтүлүүдө.

Акын Аскат Жетиген отурумда акыркы сөзүн сүйлөп, ага коюлуп жаткан айыптарга макул эмес экендигин айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин прокурор судьядан акын жана активист Аскат Жетигенди күнөөлүү деп, сегиз жылга эркиндигинен ажыратууну сураган.

Эске салсак, Аскат Жетигенге 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

Количество просмотров: 216