• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Акжолтой Бекболотов «Кыргызфильм» Улуттук киностудиясынын директору болду

22 Тогуздун айы 2020 20:19 Бишкек Govori.TV

Акжолтой Бекболотов Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» Улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодесинин 55-58-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013- жылдын 3- майындыг №236 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө” жобонун 13- пунктуна ылайык, Акжолтой Бекболотов Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койду.

Акжолтой Бекболотов буга чейин “Айтыш” коомдук фондунун директору болуп иштеген.

Количество просмотров: 63