Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети курулуш ишин лицензиялоо жаатындагы министрлер кабинетинин токтом долбооруна өзгөртүү киргизүүнү караган жок.
Бул маселе боюнча Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев баяндама жасамак, бирок ал жыйынга келген эмес. Анын ордуна баяндама жасоо үчүн орун басары Талант Иманакун уулу келген.
Бирок, айрым депутаттар Орунтаевдин өзү келүүсүн талап кылып, маселени кароону кийинкиге калтырышты.