• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Ала-Арчага» бараткан жолдун четине тосмолор орнотулууда

23 Баш оона 202414:48 Бишкек Govori.TV

Чоң-Арык – Ала-Арча жаратылыш паркы унаа жолунун жээгине тосмолор орнотулууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, иштер №25 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө орнотулган тосмолордун узундугу 560 метрге жетти.

Тосмолор жол кырсыктарын алдын алуу максатында коюлууда.

Теги:
Количество просмотров: 117