• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ала-Букада «безпредельщик» атыккан жаран кармалды

3 Чын куран 2024 16:56 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда “безпредельщик” атыккан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКга Ала-Бука районунун тургундарынан 1971-жылы туулган А.О.С. Ала-Бука айылынын тургунуна карата жергиликтүү тургундарга жана Ала-Бука айылындагы коммерциялык жайлардын ээлерине туруктуу негизде физикалык зомбулук көрсөтүп жаткандыгы тууралуу кайрылуулар келип түшкөн. Зомбулук көрсөтүүгө шектүү мурда бейбаштык үчүн 4 жолу жана киши өлтүрүү үчүн 1 жолу соттолгон, өзүн криминалдык авторитет катары көрсөтүп келген.

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде А.О.С. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле учурда А.О.С.нын жашаган жерин тинтүү учурунда уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу курал табылып алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК кармалган А.О.С. тарабынан зордук-зомбулуктун курмандыгы болушу мүмкүн болгон адамдарды УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын төмөнкү ишеним номурларына: WhatsApp: 0995 012210 кайрылууну өтүнөт.

Количество просмотров: 203