• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Ала-Букада өз уулу атасын өлтүргөн жана өз ажалы менен өлдү деп жерге берген

10 Тогуздун айы 2018 9:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.10.2018. Govori.TV
Ала-Бука районунда өз уулу атасын өлтүргөн жана өз ажалы менен өлдү деп жерге берген. Бул тууралуу Ала-Бука Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, 4-октябрь күнү саат 22:00 чамасында Ала-Бука районунун Достук айылынын тургуну 1969-жылы туулган Т.Садыкжанды үйүндө уулу 1999-жылы туулган Рашидбек көкүрөк тарабына 3 жолу бычак сайып өлтүрүп, эртеси 5-октябрь күнү “мас болуп өз ажалы менен өлдү” деп аталган айылдын “Жаамий” мазарына жансыз денесин көпчүлүк менен бирге көмүшкөн.
Ал эми Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүү менен анын киши колдуу болгонун аныкташты.
Бул факты боюнча Ала-Бука РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан КЖКнын 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү уулу тергөө абагына киргизилди жана жасаган ишин толук мойнуна алып көрсөтмө берди.
Алгачкы көрсөтмөсүнө ылайык, атасы спирт ичимдигин көп ичкендигин жана ошол күнү да мас болуп үйүндө жаңжал чыгарып, баласы экөө уруша кетип бычак менен сайып өлтүргөнүн билдирди.
Белгилей кетсек, каза болгон Садыхжан үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы болгон, баласы бойдок.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Количество просмотров: 43