• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданы шектүү мурда эки ирет бычак такап коркуткан

8 Чын куран 2021 15:46 Бишкек Govori.TV

Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүргөн деп шектелген Замирбек Теңизбаев аны мурда да ала качууга аракеттенгени, бычак такап, коркутуп жүргөн. Бул тууралуу Айзада котормочу-технолог болуп иштеген трикотаж фабрикасынын жетекчиси Жолдош Шаршенов «Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, маркум Түркиядагы ишканалардын бири менен тейлөө тармагында иштөө үчүн келишим түзүп, 15-апрелден кийин кетүүгө даярданып жүргөн:

«Айзада алтын кыз эле. Менин оң колум болчу. Мурда да Түркияда иштеп келген. Кайра эле кетем деп, жумушчу виза алган. Билетти эле күтүп жаткан. Анткени, мага жанагы досубу же кимиси эки жолу бычак такап коркутканын айткан. Бизде анын курбусу иштейт. Анын күйөөсү тиги балага барып сүйлөшкөн. Ошол бойдон жолобой калган. Аны көрө элек болчумун. Айзада Түркияга ошол бала тынчтык бербегени үчүн кете турганын айтып берген. Күндө эртең менен күн сайын саат 07.20да аны Медеров-Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен жумушка алып кетчүмүн. Кечигип атса чалып койчу. Ошол күнү келген жок. Чалсам алган жок. Мени башка жумушчулар да күтүп жаткандыктан, кыздарга Айзаданы табууну табыштап кетип калгам», — деди Жолдош Шаршенов.

Маркумдун сөөгү бүгүн Балыкчыга коюлганы жатат. Айзада Канатбекова 1994-жылы туулган. Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Спорт факультетин 2020-жылы аяктаган. Ал 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган. Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 1985-жылы туулган Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Булак: «Азаттык»

Количество просмотров: 1662