• Бейшемби 21 Тогуздун айы 2021

Ала-Тоо аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылды

1 сентября 2021 в 11:09 Бишкек Govori.TV

Эгемендик күнүн майрамдоодон кийин “Тазалык” муниципалдык ишканасы Ала-Тоо аянтынан 4 тонна таштанды чыгарды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы 8 атайын техника ишке тартылган. Анын ичинен 5 таштанды жыйноочу, 3 суугаруучу унаа. Таң эртеден баштап ишкананын 60 кызматкери үзгүлтүксүз иштеп атты. Анын ичинен 40 жүктөгүч жана тазалоочу жана 20 жол тейлөө башкармалыгынын кызматкерлери. Тазалоо иштери түнкү саат 2ге чейин созулду.

Аянтка жалпысынан дөңгөлөктүү 50 чоң пластик контейнер жана 10 металл евро контейнер орнотулган.

Ошондой эле, ишкананын кызматкерлери сахнаны, тосмолорду, чатырларды жана башка декоративдик элементтерди орнотушту.

Количество просмотров: 178