Ош шаарынын «Алай» футбол клубунун оюнчусуна да коронавирус жукту.
«Коронавирус бир оюнчуда аныкталды. Кээ бир оюнчуларда ысытма пайда болгонун байкап калган команданын дарыгери Хашимов клубдун толук курамын медициналык көзөмөлдөн өткөргөн.
Эпидемиологиялык изилдөөнүн негизинде коронавирус илдетин бир оюнчу жуктурганы аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.
Буга байланыштуу бейтап менен тыгыз байланышта болгон 20 оюнчу 14 күнгө А.Сүйүмбаев стадионунун жатаканасына обсервацияга жаткырылды.