• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Алайда 25 жаштагы келин асынып алды

8 Бирдин айы 2021 15:47 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Алай районунда 25 жаштагы келин үйүнүн короосуна асынып алды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-февраль күнү саат 10:30 чамасында, Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Алай районунун Курманжан Датка айылынын 53 жаштагы тургуну байланышып, 25 жаштагы келини үйүндө өзүн-өзү асып каза болгондугун билдирген. Окуя болгон жерге Алай РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барган. Анда 7-февраль күнү саат 09:30 чамасында 25 жаштагы А. к. Г. үйүнүн короосундагы сарайда өзүн-өзү аркан жип менен асып, окуя болгон жерде каза болгону маалым болгон.

«Маркумдун жансыз денесине Алай райондук ооруканасында кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Топтолгон материалдар Алай РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 624