• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Алайда дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды

17 Үчтүн айы 202412:36 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Алай районунда дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 19-декабрь күнү Жаңы-Алай айылынын Жаңы-Конуш көчөсүнүн тургуну 1985-жылы туулган А.И. аттуу эркек киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы жана айылды аралап өткөн каналга түшүп кетүүсү мүмкүн экени тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.

Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар саат 12:24тө дайынсыз болгон жарандын сөөгүн табышкан.

Количество просмотров: 786