• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Аламүдүндө суудан адамдын сөөгү табылды

18 Тогуздун айы 202118:01 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылындагы суу сактагычтан эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жерине Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 212