• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Алайда милиция кызматкерин өлтүрүп кетишти

29 Үчтүн айы 2021 9:46 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Алай районундагы милиция кызматкерин өлтүргөн кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-январь күнү саат 16:30 чамасында Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Гүлчө дарыясында жашы 30-35 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Жансыз денени өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери суудан алып чыкканда ал 32 жаштагы Алай РИИБинин кызматкери Э.Н. экенин аныкталган. Денени сырттан кароо жүргүзгөн учурда ал киши колдуу болуп каза болгону аныкталган.

Шектүү катары Алай районунун Будалык айылынын тургундары 54 жаштагы О.Э., 32 жаштагы Ч.И. жана 31 жаштагы С. уулу Б. аттуу жарандар болгон. Алар убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Курман болгон кызматкер 2021-жылдын 28-январь күнү эртең менен жумушка келбей калган. Жумушка келбей калгандыктан жетекчилиги издей баштаган. Андан соң анын жансыз денеси табылган. Маркум 2020-жылдын 27-январь күнү милициянын участкалык уполномоченныйы катары саат 21:00гө чейин жумушта болгон. Жумуш убактысы бүтүп үйүнө кеткен. Алгачкы тергөөдө маркум жумуштан кийин жакын мамиледе болгон балдар менен жакын санаалаш досунун туулган күнүн белгилеп олтурушкан. Ал жерде спирттик ичимдик ичип мас абалдагы достор сөз талашып мушташа кетип, натыйжада көптөп кызматкерди сабап салышкан. Э.Н. алган жараатынан окуя болгон жерде каза болуп калгандыктан кылмыш изин жашыруу максатында шектүүлөр маркумдун денесин унаага салып барып, сууга агызып жиберишет. Окуя болжол менен саат түнкү 03:30дан 05:30 чамасында болгон. Учурда далил буюмдар алынып, тергөө иштери жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 199