• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Алайда селдин кесепеттерин жоюуга 105 адам тартылды

22 Чын куран 2024 13:51 Бишкек Govori.TV

Алайда селдин кесепеттерин жоюуга 105 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбуздөгү жылдын 20-апрелинен тартып 22-апрелине чейин жааган жамгырдан Гүлчө – Жошолу жолунун 3-7-чакырымы убактылуу жабылган. Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында 5 үйдүн, 1 мектептин жертөлөсүнө сел кирип жана 7,2 гектар огородду сел басып, 6 ички чарбалык жол убактылуу жабылган.

Бүгүн 22-апрелде селдин кесепеттерин жоюу иштери кайрадан уланды. ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнөн 15 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматынан 50, жергиликтүү бийликтен 10, тургундардан 20, ИИБ кызматынан 10, жалпысынан 105 адам тазалоо иштерине чыгышты.

Теги:
Количество просмотров: 66