Бүгүн “Аламүдүн-1” кичи районунан маршрутканын айдоочусу аялды өлтүрө сүздү. Бул тууралуу күбөлөр билдиргенин Kaktus.media жазды.
Күбөлөрдүн айтымында аял жолдон өтүп бара жаткан, ал автоунааны байкабай калган. Натыйжада арткы дөңгөлөгүнө илешип кеткен.
“Кырсык болгондон кийин 25 мүнөт аралыгында окуя болгон жерге же тез жардам кызматы, же милиция келген жок“,-деп айтып беришти.
Ал эми тез жардам кызматы унанын алдында калган аял алар келгенче үзүлүп кеткенин белгиледи.