• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бишкекте №260 маршруттук каттамдын айдоочулары ишке чыкпай койду

12 Чын куран 2022 12:07 Бишкек Govori.TV

Бишкекте №260 маршруттук каттамдын айдоочулары жумушка чыкпай койду. Маалыматты Govori.TVга Бишкек мэриясынын Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.

«Жагдайды териштирүү үчүн тиешелүү кызматкерлер жерине жөнөп кетти, толук маалымат кийин берилет»,-деп билдиришти мекмеден.

Буга чейин социалдык тармактарда №260 маршрутка каттамга чыкпай жатканы жана
маршруткачылардын бир бөлүгү башка айдоочуларды иштетпей урушуп, ичиндеги жүргүнчүлөрүн түшүрүп артка кайтарып жатканы тууралуу маалыматтар тараган.

Количество просмотров: 4371