• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн көмүскө жай аныкталды

25 Бештин айы 2023 13:55 Бишкек Govori.TV

Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн жайларды уюштурган деген шек менен төрт адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 23-декабрда болжол менен саат 18:30 чамасында Instagram социалдык тармагынын колдонуучусу, активист Болот Ибрагимов өз баракчасына Кулиев көчөсүндөгү мейманканалардын биринде социалдык жоопкерчилиги төмөн кыздар акчалай сыйлыкка интимдик кызмат көрсөтүп жаткан видеону жарыялаган.

Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголду.

«Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИББдин кызматкерлери тарабынан 21 жаран аныкталып, жеткирилген. Алардын ичинен кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган К.М., 1988-жылы туулган Т.С., 1964-жылы туулган Б.Г., 1966-жылы туулган С.С., Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда кылмыш иликтөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 271