• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон жаранды издөө уланууда

23 Үчтүн айы 2024 11:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-январда таң эрте Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө кайрадан улантылды. Аны издөөгө күндөгүдөй куткаруучулар жаана ИИМден тартылды.

«Учурда 282 адам чыкса, анын 172си Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу. Анын ичинде 1 кинолог, 4 атчан бар. Алар 6 дрон, 18 техника менен капчыгайда издөө ишине чыгышты. Ал эми ИИМден 110 адам 1 дрон, 4 техника менен чыгышты. Жалпы 22 техника, 7 дрон тартылды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 14- январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасындагы камерасына тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Аталган жаранды издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

Количество просмотров: 96