Чүйдөгү Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө куткаруучулар чыгышты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-январь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 21 куткаруучусу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө тартылды. ӨКМдин куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун тоодон куткаруучуларынан турган «Эдельвейс» кошуунунун 7 куткаруучусу атайы шаймандары менен жана кинолог атайы ит менен, Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде 1 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун куткаруучусу дрон менен, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 6, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 5, Чүй жана Жайыл райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 жалпы 24 куткаруучу таңкы саат 07:00дө издөө ишине чыгышты.
Алдын ала маалымат боюнча 2024-жылдын 14-январь күнү, Чүй облусунун Аламүдүн коктусунда (Тёплые ключи) 1994-жылы туулган М.М уулу аттуу эркек киши дайынсыз болгон.
Издөө ишинин жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.