• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аламүдүндө алдамчылыкка шектелип 26 жаштагы кыз кармалды

17 Кулжа 2021 15:53 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип 26 жаштагы кыз кармалды, деп билдирет Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын май айында Аламүдүн райондук милициясына С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш кыз анын “Лексус” үлгүсүндөгү автоунаасын ижарага алып, кийин аны күрөөгө коюп кеткенин билдирип ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Териштирүү учурунда арыздануучу 2015-жылдан бери жеке
иш каналардын биринде ижарага автоунаа берип эмгектенээрин билдирген.
Анын айтымында жогорудагы кыз үч жылдан бери андан автоунаа ижарага алып жүргөн. Акыркы жолу 2021-жылдын февраль айынан 5-майга чейин келишим түзүлүп, жогорудагы автоунааны алып кеткен.

Болжол менен 2021-жылдын апрель айынын аягында автоунаадагы GPS жабдуусу иштебей калган. Кийин арыз ээси автоунаанын турган жерин тактаган учурда автоунаа күрөөгө коюлганы аныкталган. Жогорудагы кыз автоунааны кайтарып бербей, ар түрдүү шылтоолорду айтып жүргөндүктөн милицияга арыз менен кайрылганы маалым болгон.

Чүй облустук жана Аламүдүн райондук криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кыздын өзүгү аныкталып, кармалган.

Кармалган 1995-жылы туулган А.А. убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, кийин үй камагына коё берилген.

Учурда бул иш боюнча чогултулган тиешелүү материалдар сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 231