• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аламүдүндө уурулукка шектүү жаран кармалды

10 Тогуздун айы 2022 14:09 Бишкек Govori.TV

Аламүдүндө уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 5-октябрынан 9-октябрына чейинки аралыкта белгисиз адамдар Аламүдүн районунун Виноградное айылынын К.С. аттуу тургунунун үйүнө кирип, үй буюмдарын (муздаткыч, электр суу жылыткыч, килем, телевизор), уурдап, окуя болгон жерден изин суутуп кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин уурдоо беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында ошол эле күнү кылмышка шектелип 1983-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ошондой эле кармалган жаран Аламүдүн районунда болгон бир нече уурулук фактыларына катыштыгы бар экендиги такталды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 57