Бүгүн, 13-октябрда Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун Жогорку соттогу иши каралды. Анда Албек Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев соттук отрумду кийинкиге жылдыруу тууралуу өтүнүч келтирди.
Буга Албек Ибраимовдун акыркы кырдаалдарга байланыштуу сотко келбей калганы себеп болду.
«Бүгүнкү күндө Ибраимовдун абакка катып баргандыгы тууралуу менде так маалымат жок. Ошол себептен соттук отурумду кийинкиге жылдыруу тууралуу өтүнүч келтирдим. Албек Ибраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине («Соттолгондордун абактын аймагынан чыгышы») ылайык, 13-октябрга чейин сыртта жүрүүгө уруксат берилген. Сот өтүнүчүмдү канаттандырды»,-деди жактоочу Слесарев.
Кийинки отурум 27-октябрга белгиленди.
Белгилей кетсек, буга чейинки башаламандыкта абактагы бир нече саясатчылар бошотулган. Алардын арасында Москва районунун Петровка айылында жайгашкан №8 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Албек Ибраимов дагы чыккан.
Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы экс-мэр Албек Ибраимовдун абакка кайтып келишин күтүп жатат.
Эске салсак, 2019-жылдын 23-декабрында Ленин райондук соту Ибраимовду 15 жылга кесип, Кулматовду 5 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирип, абактан үй камагына бошоткон. 2020-жылы 24-июнда Бишкек шаардык соту Лениү райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.
Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.
Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү’Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.
Экөө теңкүнөөсү жок экенин, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып жүрүшөт.
Өкүмгө нааразы эки тарап тең Жогорку сотко апелляциялык арыз жазган.