Редакциябызга кечээги нөшөрлөгөн жаандан жүргөн селдин кесепеттерин тартылган кыска видеолорду тартып жөнөтүшүптүр.
Ысык-Көлдөгү Темир айылына сел менен кошо чоң-чоң таштар агып келип, элге тоодой түйшүк үйүптүр. Бул видеодон таштардын үстүнөн ат эмес, адам араң өтө турган жагдай жаралганын, сел бактарды тамыры менен жулуп, агызып кеткенин, түз жерлер сай болуп калганын көрсөк болот.
Жергиликтүү эл сел менен агып келген баткак, таш эгин-тегин, жер-жемиш, короо, сарайдын баарын басып калганын айтышууда.