• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Алдамчылыкка шектелген аял кармалды

9 Аяк оона 202016:38 Бишкек Govori.TV

Алдамчылыкка шектелген аял милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалымат боюнча, жабырлануучу — Сокулук районунун 42 жаштагы тургуну бир нече аял кишинин үстүнөн арызданган. Анын айтымында, 2018-жылы Военно-Антоновкадагы ВОССТ конушундагы 2-контурдан жер тилке берүү үчүн 5000 доллар алышкан. Ошол бойдон качып кетишкен.

Алдамчылык боюнча жүргүзүлгөн тактоо иштеринин алкагында Бишкек шаарынын 59 жаштагы тургуну Д.Г. (аял киши) кармалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ушул сыяктуу 10 чакты арыз бар. Учурда тергөө, тактоо иштери улантылып жатат. Шектүү убактылуу камакка алынды.

Количество просмотров: 74