• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Алимбаев: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, бирок кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн

16 Аяк оона 2019 14:22 Бишкек Govori.TV

Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде, чек ара тарамдарын жана башка мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоодо.

Анын айтымында, Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолу ачык жана кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бирок, кырдаал өзгөруп дагы кетиши мүмкүн.

Кыргыз тарап Көк-Таш – Аксай жолун асфальттоо иштерин улантууда, Баткен районунун Аксай айылынын Дача жергесинде, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы чек ара постун куруп жатат. Учурда эки тараптын эли өз иштери менен алек. Ал эми чыр-чатак чыгарууга эч кандай негиз жок. Чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга элек»,-деди Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев.

Количество просмотров: 98