Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановго таандык «Телекоминвест» менен энчилеш Finance TCI компаниясы 8-февралда «Капиталбанктын» дагы 3,81% акциясын сатып алганы белгилүү болду.
Ташкент фондулук биржасынын маалыматына караганда, Алишер Усмановдун компаниясы «Капиталбанктын» 61,54% акциясына ээлик кылат.
21-январда Бирдиктүү корпоративдик маалымат порталы өзбек президентинин тун күйөө баласы Ойбек Турсунов «Капиталбанктын» таасирдүү кишилеринин тизмесинен чыгарылганын кабарлаган.
Анда «Капиталбанктын» 45% кем эмес акциясы Алишер Усмановго таандык USM холдинги менен энчилеш «Телекоминвест» компаниясына өткөрүлүп берилген.
Ойбек Турсунов былтыр октябрдан тартып быйыл январь айына чейин «Капиталбанктын» 50% акциясына ээлик кылган.