• Шаршемби 22 Жалган куран 2023
  • Среда 22 Март 2023

Bloomberg Billionaires Index: Алишер Усмановдун байлыгы бир миллиард долларга көбөйдү

2 февраля 2023 в 16:53 Бишкек Govori.TV

Bloomberg компаниясынын индексине ылайык, өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун байлыгы жыл башынан бери 1 млрд долларга көбөйүп, 19,5 млрд долларга жетти.

Орусия президенти Владимир Путиндин жакын санаалашы делген Усманов бул индексте дүйнөдөгү эң бай 500 кишинин ичинен 81-орунга жайгашкан.

Былтыр февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин Алишер Усманов АКШнын, Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын санкциялык тизмесине илинген.

Financial Times кабарлагандай, Өзбекстан миллиардер Усмановду санкциялык тизмеден чыгаруу өтүнүчү менен ЕБге кайрылган.

Январдын аягында Алишер Усманов Орусиянын Өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин мүчөлүгүнөн чыгууга арыз берген. Ал муну «пенсияга чыкканы жана ишмердигин токтотуп жатканы» менен түшүндүргөн.

Количество просмотров: 190

Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда