• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Немис полициясы Алишер Усмановдун Германиядагы үйлөрүн тинтүүгө алды

22 Аяк оона 2022 10:23 Бишкек Govori.TV

21-сентябрда Германиянын федералдык полициясы өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановго байланышы бар делген бир нече кыймылсыз мүлктү, анын ичинде Бавариянын Тегернз көлүндөгү вилласын тинтүүгө алды.

Жергиликтүү прокуратура тинтүү төрт федералдык аймактагы 24 объектиде жүрүп, ага 250 киши катышканын билдирди. Тергөөнүн маалыматына караганда, Усманов ага санкция киргизилгенден кийин мүлкүн кайтаруу үчүн күзөт кызматына акча төлөп, санкцияларды бузган болушу мүмкүн.

Миллиардерден тышкары бул иште коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөткөн же аларга көмөктөшкөн дагы төрт киши шектүү катары өтүүдө. Алар мыйзам бузууга жардамдашкан же шыкакчы болгон деп шектелүүдө. Der Spiegel журналы миллиардер салык кылмыштарына да айыпталышы мүмкүн экенин билдирүүдө.

69 жаштагы Алишер Усманов Орусиянын эң бай адамдарынын бири. Forbes журналы анын байлыгын 11,5 миллиард долларга баалаган. Февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин ал эл аралык, анын ичинде Европа өлкөлөрүнүн санкциялык тизмелерине киргизилген. Май айында ал өзүнө каршы санкцияларды жоюу өтүнүчү менен Европа сотуна кайрылган. Сентябрда Венгрия Европа биримдигинен Усмановду санкциялык тизмеден чыгарууну талап кылганы кабарланган.

Количество просмотров: 230