• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Германия полициясы Алишер Усмановдун иши боюнча UBS банкында тинтүү жүргүздү

9 Жетинин айы 2022 16:35 Бишкек Govori.TV

Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун ишинин алкагында Швейцариянын ири банкы эсептелген UBS’тин Франкфурт-на-Майне жана Мюнхен шаарларындагы бөлүмдөрүндө тинтүү жүргүзүлдү.

Der Spiegel басылмасы кабарлагандай, Германиянын Федералдык прокуратурасы Алишер Усманов салык төлөөдөн качкан, тышкы соода мыйзамдарын бузган жана акча адалдаган деп шек санап жатат.

Усманов президент Владимир Путиндин жакын санаалаштарынын бири катары Евробиримдиктин санкциясына илинген. Forbes журналы анын байлыгын 14,6 миллиард долларга баалаган.

Маалыматтарга караганда, Германиянын Федералдык прокуратурасы акыркы бир нече айда банктан акча адалдоого шек саналган жүздөгөн эсептерди чогулткан. Баштапкы маалыматтар боюнча алар Алишер Усмановго тиешелүү.

Тергөөчүлөр UBS банкында 2018-2020-жылдарда 2 млн. евродон ашуун суммага жүргүзүлгөн операцияларга кызыгууда.

Шектүү транзакциялар тууралуу UBS банкына алдын ала маалымдама берилгенин жергиликтүү басылмалар маалымдашты.

Алишер Усмановдун өкүлү ишкер таза экенин, салыктарын Орусияга төлөп келе жатканын жана кайрымдуулук менен алектенерин журналисттерге билдирди.

Der Spiegel журналы жазгандай, немис бийлиги Усманов Германияга салык төлөөгө тийиш деп эсептейт, анткени согушка чейин ал Бавариядагы Тегернзе көлүнүн жээгиндеги резиденциясында жашаган.

Количество просмотров: 85