• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Алмазбек Атамбаев үй камагына чыгабы? УКМК жооп берди

14 Тогуздун айы 202014:58 Бишкек Govori.TV

УКМК Алмазбек Атамбаев үй камагына чыгат деген маалыматтар тууралуу билдирүү таратып, мурдагы президенттин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп үй камагына чыгат деген маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди.

Учурда соцтармактарда адвокат Замир Жоошевге таянып, Атамбаев үй камагына чыгат экен деген маалыматтар тарап жатат.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз түрдө абактан чыгышына айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ошол эле учурда сот органдары тарабынан 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы каралып жатат.

Количество просмотров: 2434