• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Алмазбек Атамбаев “Кыргызгаз” эмне үчүн сатылганын айтып берди

14 Чын куран 2022 12:29 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда.

Отурумдун алдында мурдагы мамлекет башчы “Кыргызгаз” эмне үчүн сатылганын айтып берди.

«Мен «Кыргызгазды» бергеним боюнча маселени көтөрүп жатышат. Мен “Кыргызгазды” бергенимде 400 миллион доллар инвестиция келген. Экинчиден, Газпром келгенче Өзбекстандан газ алып келгенбиз. Муну эстен чыгарбагыла, Каримов газды өчүрөм деп бизди далай жолу коркутту. Ушундан улам ал бизден канча жерди тартып алды?». — ал айтты.

Количество просмотров: 756