Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «инфаркт алдындагы абал» деген диагноз коюшту. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев бүгүн, 30-апрелде билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Алмазбек Атамбаев №47 түзөтүү абагында.
«Улуттук кардиология жана терапия борборундагы кардиолог дарыгер М.Бейшенкулов 1-апрелде болжолдуу диагноз айткан. Дарыгер түшүндүргөн маалымат боюнча, Алмаз Шаршенович инфаркттын алдындагы абалда. Буга чейин Кой-Таш окуялары боюнча кезектеги отурумда сот Азирет Медеров Атамбаевдин ден соолугунун абалын аныктоо үчүн кошумча соттук-медициналык экспертиза дайындоо чечимин кабыл алган»,-деди жактоочу.