• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Равшан Жээнбековдун адвокаты президентке кайрылды

2 Бештин айы 2021 17:22 Бишкек Govori.TV

Адвокат Замир Жоошев абактагы саясатчы Равшан Жээнбековго байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Жактоочу жаңы мыйзамга ылайык Жээнбеков камактан бошотулушу керектигин айтып, мамлекет башчыны буга көңүл бөлүүгө чакырды.

«Жаңы кабыл алынган Жазык-процессуалдык кодекс күчүнө кирип иштеп жатат. Ага ылайык кылмышты жасады деп шектелип кармалган айыпталуучу кармалган убактан баштап соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин бир жылдык мөөнөттөн ашык убактылуу кармоочу жайда кармалбашы керек. Ал эми Жээнбеков бир жылдан ашуун убактан бери бул жерде кармалып турат. Биз бул мыйзам күчүнө киргенге чейин, 30-ноябрда жаңы мыйзамга ылайык Жээнбековду бошотууну өтүнүп тергөө абагынын башчысына кайралганбыз. Бирок мекеменин жетекчиси бошото албай турганын айтып жатат. Мыйзам муну милдеттендирет. Бул жерде соттун чечими кереги жок, администрация өзү 115 жана 303-беренелерине ылайык бошотушу керек», — деген Жоошев.

Количество просмотров: 468