Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев токтоосуз түрдө абактан бошотулушу керек. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевге карата козголгон бир дагы иш боюнча баш коргоо чарасы боюнча соттун чечими жок.
«Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Атамбаевди токтоосуз бошотушу керек, анткени мыйзамга ылайык, соттун чечими жок адамды тергөө абагында же колонияда кармоого тыюу салынат. Башка кылмыш иштери боюнча баш коргоо чарасы каралган эмес. Биринчи май райондук сотунан эртең саат 09.00гө чейин жооп беребиз деп айтышты. Алмазбек Атамбаев колонияга Батукаевдин иши боюнча гана отургузулган. Ал чечим жокко чыкты. Жогорку соттун чечими жарыяланган учурдан тартып дароо күчүнө кирет жана аткарылышы керек. Жогорку сот чечимин райондук сотко жиберет. Райондук сот Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кагаз жибериши керек», — деди Замир Жоошев.
Белгилей кетсек, кечээ Жогорку сот Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Атамбаевди бошотуу тууралуу токтом келе электигин билдирүүдө.