Бишкек. 14.02.2018. Govori.TV
“Нарындагы айтылып бүтпөс же салынып бүтпөс Акталчат көпүрөсүн курмак болгон компания 30 млн. сомду өкмөттөн котортуп алып, же акчадан жок, же көпүрөдөн жок. бул компанияны тендерде кантип тандап алгансыңар?” Бул суроону ЖКнын депутаты Алтынбек Жунус уулу КРнын транспорт министрлигине узатты.
Анын айтымында, аталган каражатты уткан компаниянян үстүнөн азыр министрлик прокуратурага кайрылып, Орусияга чейин издеп барган. “Ал акча жок, бүттү, эми аны таппайсыңар”,-дейт эл өкүлү…
Эске сала кетсек, өткөн жылы “Кербенкурулуш” компаниясы Акталаа районундагы көпүрөнүн курулушун тендерде жеңип чыккан. Курулуш иштери башталып, бирок, “сайдагы суу тартылганда улантабыз” деген шылтоо менен али күнчө ишти баштай элек…