Каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 20-декабрда Төмөнкү Ала-Арча айылында болгон. Турак үйгө кирген адамдар сейфти бузуп, анын ичинен 1 млн 200 миң сомду, 300 миң сомдук алтын буюмдарды жана ноутбукту алып кетишкен. Чыгымдын жалпы суммасы — 1,5 млн сом.
«Бул факт уурулук болуп катталып, Чүй ОИИБ менен Аламүдүн РИИБдин ыкчам тобу шектүүлөрдү кармады. Шектүүлөр — 29 жаштагы А.С., 27 жаштагы Б.Б. жана 22 жаштагы Т.М. жашаган үйдөн далил буюмдар табылды»,-деп айтылат маалыматта.