• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Алтын куйма кармаган Жапаров… Сүрөт боюнча ажонун басма сөз катчысы эмне дейт?

7 Аяк оона 2022 15:00 Бишкек Govori.TV

Жарандык активист Атай Бейшенбек өзунүн соцтармактагы баракчасына сүрөт жайгаштырып билдирүү жазган.

«Сабыр Жапаровдун алтын сатууга кандай тиешеси бар?! Интернетте тарап жаткан бул сүрөткө Эрбол Султанбаев расмий комментарий берип койсоңор», — деп кайрылган.

Ал арада бул тарап жаткан сүрөттүн айланасында талкуу жаралды. Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыскача түшүндүрүү жазды. Ал «эски сүрөт, бүгүнкү күнгө эч кандай тиешеси жок» деп гана чектелди.

Белгилей кетсек, учурда «Кумтөрдүн» алтыны тууралуу түрдүү пикирлер жаралып жаткан чагы. Айрым саясатчы, жарандык активисттер Кумтөрдүн айланасында маалымат берүүнү талап кылып жатышат.

Президент Садыр Жапаров Кумтөр кенинин айланасындагы суроолор боюнча «Кабар агенттигине маек берип, Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын билдирген. Бирок буга байланыштуу маалыматтын баары архивде сакталып калат деп кошумчалаган.

Количество просмотров: 1801