Адель Аскарбекова математика жана орус тили боюнча олимпиадаларга катышып байгелүү орундарды алып келген. Аны менен тим болбой Адель ЖРТ да да алтын сертификатка ээ болду. Эми ал чет өлкөдө окууну пландап жатат. Адель чет өлкөлөрдөгү 6 жогорку окуу жайларына тапшырып, бардыгына кабыл алынган. Бирок Адель Франциядагы Toulouse Business School да окууну эп көрүп турат.
“Мен ар өлкөлөрдөгу 6 жогорку окуу жайларга тапшыргам, алардын бардыгы мени кабыл алышты. Толугу менен эки окуу жайдан гранттык негизде окууга ээ болдум. Биринде 70% арзантуу болсо биринде 50% дык арзандатуу”- дейт Адель Limon.kg сайтына берген маегинде.
Булак: Limon.kg