• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

“Алтын тамганын” жыйынтыгына нааразы ата-энелер министрликтин алдына чогулду

3 Кулжа 2022 16:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-июнда “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынан өтпөй калган айрым мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери сынактын жыйынтыгына нааразы болуп, Билим берүү жана илим министрлигин имаратынын алдына чогулушту.

Атын атагысы келбеген бир нече ата-энелердин айтымында, сынактын суроолору түшүнүксүз болуп калгандыктан көпчүлүк окуучу өтө албай калды.

«Биз бүгүн “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын жыйынтыгына аппеляциялык арыз берүү үчүн келдик. Себеби кечээ өткөн сынактан Бишкек шаары боюнча 35 гана окуучу өткөн. Анткени сынактын суроолору татаал жана түшүнүксүз болгон. Ошол эле учурда бүтүрүүчүлөргө түзүлгөн тест мектеп программасына дал келген эмес. Мындан улам сынактын жыйынтыгын көрүп, териштирүү үчүн келгенбиз. Ата-энелер нааразы болуп жатышат. Бул сынакты уюштуруунун кажети бар беле?»,-деди министрликке келген ата-энелердин бири.

Билим берүү жана илим министрлиги толук маалымат кийин берилерин билдирди.

Белгилей кетсек, 31-майда Бишкекте жана облустук билим берүү борборлорунда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы өткөрүлгөн. Министрлик быйыл өзгөчө үлгүдөгү (артыкчылык) сертификат алуу үчүн 2232 бүтүрүүчү ат салышып жатканын маалымдаган. Алардын 1388и окутуу кыргыз тилинде, 803ү орус тилинде жана 38и өзбек тилинде өтүүчү мектептердин окуучулары. Бүтүрүүчүлөр математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия сабактары боюнча сынак тапшырды. «Алтын тамга» тести 11-классты жалаң 5 деген баа менен аяктап, мыкты жыйынтык көрсөтүп келген окуучулардын билим деңгээлин баалоо үчүн уюштурулат. Жеңүүчүлөргө сыйлык жана артыкчылык күбөлүгү тапшырылат.

Количество просмотров: 227