• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Алтынайды аба майдандан тосуп алышты (видео)

18 Үчтүн айы 2023 12:12 Бишкек Govori.TV

“Аалам периси” сынагында Кыргызстандын атынан катышкан Алтынай Ботоярова Бишкекке келди. Аны аба майдандан жакындары, күйөрмандары тосуп алышты.

Буга чейин Ботоярованын сулуулук сынагына кийип чыккан көйнөгү соцтармакта талкууга алынган. Анын көйнөгүндө түшүрүлгөн сүрөт аялдарга карата болгон зордук-зомбулук көйгөйү чагылдырылганы айтылган. Бирок, айрымдар муну туура эмес деп баалап, сынга алышкан. Жаралган пикирлерден соң Ботоярова соцтармак аркылуу кыргыз элинен кечирим сураган.

“Ооба, сиздердин сын дагы туура, кыргызда кызды кадырлайт, урматтайт. Акылман Курманжандай энебизди чыгарган улуу элбиз. Мен сынды туура кабыл алып, кийип чыккан көйнөгүм сиздердин ачууңуздарды келтирсе, ал үчүн кечирим сурайм. Албетте, мен башка ойду айткым келген, болгону 18 жаштамын. Жаштык кылып балким жетиштүү деңгээлде ойлогон максатымды ачып бере албай калгандырмын», — деп жазган ал.

Эске салсак, 14-январда “Аалам сулуусу” деп 28 жаштагы АКШнын аруусу табылды. Аталган эл аралык сулуулар сынагына 84 өлкөнүн бийкечтери ат салышты.

Количество просмотров: 103