Модель Саадат Асылбекова Кыргызстандын атынан Top Model of the World сынагына катышат.
Кыргызстандык модель Таиландда өтө турчу Supermodel International — 2021 эл аралык сулуулук сынагына катышмак, бирок пандемиядан улам иш-чара өтпөй калган. Буга байланыштуу дирекция Асылбекованы быйылкы иш-чарага жиберүүнү чечкен.
Сулууларды тандоо 27-февралдан 14-мартка чейин Египетте өтөт. Ага 75 өлкөнүн бийкечтери катышмакчы.