• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Англияга жумушка жөнөтүү шылтоосу менен жарандарды алдап кеткен шектүү кармалды

7 Бугу 2024 9:25 Бишкек Govori.TV

Англияга ишке жөнөтүү шылтоосу менен жарандарды алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кадамжай райондук милициясына жаран 1983-жылы туулган С.Ы. кайрылып, чет өлкөгө жакшы маяналуу ишке жөнөтүү шылтоосу менен анын жана башка адамдардын ишенимине кирип, материалдык чыгымга учураткан жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

«Жаран Т.Ч. 2024-жылдын февраль айынын баштап, Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 1983-жылы туулган С.Ы. менен сүйлөшүп, аны чет өлкөгө ишке жөнөтөрүн айтып, алдоо жолу менен ишенимине кирген. “Англияга жакшы маяналуу жумушка жөнөтөм. 6 ай ичинде жакшы акчага иштеп келесиңер”-деп жумуш ордуларын сүрөттөрүн Вотсап аркылуу көрсөткөн. Жабырлануучу С.Ы. аркылуу Кадамжай районунан жалпы 47 кишини чогултуп, “виза ачып беремин”- деп ар биринен 1400 АКШ доллардан акчасын алган. Аларга виза ачып бербестен, ар кандай шылтоолорду айтып, изин жашырып жүргөн. Жабырлануучулар жогорудагы алдамчылык аракеттен болжол менен 66 800 АКШ долларлык миатериалдык чыгымга учурашкан»,-деп жазылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмаш иши козголгон.

Аталган кылмыш ишинин бетин ачуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 3-май күнү “Акжол” өткөрмө посту аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагынан качып чыгып бараткан жеринен кармалган. Ал Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул шектүү жарандын мыйзамсыз аракетинен жабыр атркан жарандарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 82