Бүгүн, 28-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи Бишкек шаарындагы Улуттук филармонияда өттү. Жапаровдун инаугурациясын көрүү үчүн филармониянын алдына Кыргызстандын булуң-бурчунан келген элдер топтолушту.
Алардын бири Талас облусунунан келген Жыпаркүл Осмоналиева эшикте туруп комузда кол ойнотуп,Саламат Садыкованын аткаруусундагы «Ала-Тоо» ырын ырдады.
«Комузумду көтөрүп алып атайы келдим. Элибизде тынчтык болсун», — деп билдирди Осмоналиева.