Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы коронавирус илдетине байланыштуу карантинге жабылды. Бул маалыматты филармониянын көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтов ырастаган.
Маалыматка ылайык, мекемеде пландалган бардык иш-чаралар токтотулат. Тиешелүү чечимди өкмөт кабыл алган. Иш кайра качан жанданары белгисиз. Ал эми алдыда болчу концерттерге билет алгандардын акчасы кайтарылып берилет.
Эске салсак, өпкөнү сезгентүүчү вирусту алдын алуу иш-чараларынын алкагында 5-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында спектакль коюу убактылуу токтотулган.