Бүгүн ЖК комитетинин жыйынында депутаттар мурунку президент Аскар Акаевдин ЖОЖдордо окууга пландалган лекциясы тууралуу сөз кылышты.
Жыйында депутат Кундузбек Сулайманов өзүнүн сын пикирин айтып, КМТУнун ректоруна чара көрүү талабы менен министрге кайрылды.
Депутаттын суроосуна жооп берип жатып Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев Акаевдин лекциясы тууралуу расмий маалымат жарыяланган эместигин айтты.
Эске салсак, 2005-жылдагы «Жоогазын революциясынан» кийин Орусияда башкалкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаеванын Бишкекке келген.
Мурдагы президент жогорку окуу жайларда лекция окуй турганы белгилүү болгон.
Мындан соң Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин айрым студенттери мурдагы президент Аскар Акаевдин лекция окушуна каршы болуп, алар аталган окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаевге кайрылуу жолдошкон.